Башкы
>
Жаңылыктар
23565 аскер бөлүгүндө учкуч-методист болуп кызмат өтөп жаткан ооган согушунун ардагерлерин куттукташты
2025-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн өздүк курамы 23565 аскер бөлүгүндө учкуч-методист болуп кызмат өтөп жаткан ооган согушунун ардагерлерин куттукташты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери, Бишкек шаарынын 98-кесиптик лицейи жана 24-мектеп гимназиясынын окуучулары катышышты. Ооган согушунун ардагерлерине арналган салтанаттуу маараке, алардын эрдигин жана мекен алдындагы кызматын урматтоо максатында өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы полковник Талантбек Талипов куттуктоо сөзүн айтып, ардагерлердин баатырдыгын белгиледи жана аларды Кыргызстандын эр жүрөк жоокерлери катары урматтап, грамота менен сыйлады.
Ошондой эле, иш-чара Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобунун концерттик программасы менен аяктап, ардагерлердин жана катышуучулардын көңүлүн көтөрдү.