Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

2023-2024-окуу жылындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттарынын жетишкендиктери

24.12.2024
457

2023-2024-окуу жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары үчүн ийгиликтүү жыл болду. Республикалык жана эл-аралык деңгээлде билим жана илим, интеллектуалдык таймаш жана спорттук мелдештерде алгылыктуу ийгиликтерди жаратып, жалаң алдыңкы орундарга татыктуу боло алышты. 

ПРЕЗИДЕНТТЕН СЫЙЛЫК АЛГАН КУРСАНТТАР

2024-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимий-чыгармачылык жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия ыйгарды.

Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун 4-курсунун курсанттары Жээнбеков Ардак Азатович, Дияз уулу Сыргабек жана Шамшиев Сүйүнтбек Ибраимович татыктуу болушту.

Биз силердин билимиңерди баалоо менен өлкөбүздүн келечегине инвестиция кылып жатабыз деп эсептейбиз. Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт. Мен билимге болгон каалоосу күч, өз көз карашы бар, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган, ар-намыстуу, мекенчил жаштардан көптү күтөм”, - деди өлкө башчысы куттуктоо сөзүндө өлкө башчысы. 

БИЗДИН КУРСАНТ – «ТҮРК ЭЛДЕРИНИН МЫКТЫ СТУДЕНТИ»

2024-жылдын 24-25-октябрында Казахстан Республикасынын Астана шаарында Эл аралык форум өткөрүлүп, «Түрк элдеринин мыкты студенти» наамына ат салышкан Кыргызстан, Казахстан, Узбекстан, Азербайджан, Турция сыяктуу жана башка түрк тилдүү мамлекеттерден миңдеген студенттердин арасынан жеңүүчүлөр тандалып, сыйланышты. 

Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун 4-курсунун курсанты Жээнбеков Ардак Азатович окуудагы жетишкендиктери, илимий жана маданий иш-чаралардагы активдүүлүгү, аскердик мыкты тартиби жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүнө артыкчылык берилип, «Түрк элдеринин мыкты студенти» наамы менен бирге 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

БИЗДИН КУРСАНТ – «КМШнын МЫКТЫ СТУДЕНТИ»

«КМШнын мыкты студенти» наамына Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Жогорку окуу жайларынын студенттери ат салышып, 2024-жылдын 21-декабрында Казахстан Республикасынын Астана шаарында жеңүүчүлөр сыйланды. 

КР КК Аскер институтунун 4-курсунун курсанты Исаев Дакир Мирбекович аталган сынакта жеңүүчү болуп табылып, 1-даражадагы диплом жана «КМШнын мыкты студенти» кубогу менен сыйланды. 

 

Сынактын тартиби боюнча курсант Дакир Исаевдин окуудагы жетишкендиктери, илимий жана маданий иш-чаралардагы активдүүлүгү, аскердик мыкты тартиби жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү менен бирге Аскер институтунун курсанттык редколлегиясын жетектеген ишмердүүлүгүнө артыкчылык берилди.

КУРСАНТТАРДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫ ГИРЯ СПОРТУ 

 БОЮНЧА ЧЕМПИОН

2024-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун гиря көтөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында жалпы жыйынтык менен баш байгеге ээ болгон курсанттары сыйланды. 

Ошондой эле, аларды жыл сайын даярдап келе жаткан дене-тарбия жана спортко даярдоо кафедрасынын улук окутуучусу, полковник Федоров Борис Борисович гиря көтөрүү боюнча эл-аралык федерация тарабынан “Эл аралык калыс” наамына татыктуу болду.

КУРСАНТТАР ПРЕЗИДЕНТТИН БИЛИМ КУБОГУНУН ЭЭСИ

2024-жылдын апрель айынан баштап декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын түз көрсөтүүсү аркылуу өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында «Билги» билим таймашы өткөрүлдү. Таймашка республика боюнча жогорку окуу жайлар табыштама калтырып, 24 окуу жай катышууга жолдомо алышкан. 

Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттарынын «Чоролор» тобу өзүлөрүнүн мыкты билимин көрсөтүү менен баш байгени жеңип, жарым миллион акчалай сыйлык жана президенттин «Билги» билим кубогуна татыктуу болушту. 

«Чоролор» тобунун курамында 4-курстун курсанттары Жээнбеков Ардак, Бакытбеков Нурбек, 2-курстун курсанттары Бердибеков Улук, Алмазбеков Данияр, Капашев Нурсултан сыяктуу мыкты курсанттар ар бир сынакта эң жогорку көрсөткүч менен атаандаштарын артка калтырышты. 

Аталган сынакка курсанттардын командасын Аскер институтунун тарбия иштери бөлүмүнүн офицери Жолматова Жумагүл Турдубаевна жана Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын доценти Күмүшбекова Айнагүл Сулпукоровна даярдаган. 

2024-жылдын 23-декабрында баш байгени багындырган курсанттарга КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевич тарабынан сыйлыктар ыйгарылды.