Башкы
>
Жаңылыктар
1999-2000-жылдары эл аралык бандиттик түзүмдөрдү жоюуда курман болгон жоокерлер эскерилди
02.11.2023
2032
2023-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы №103 Кыргыз-Азербайжан орто билим берүү мектебинде 1999-2000-жылдары эл аралык бандиттик түзүмдөрдү жоюуда курман болгон жоокерлерге арналган митинг-реквием болуп өттү.
Иш-чарада КР КК Улуттук гвардиясынын ардак кароол ротасынын аскер кызматчылары саптык ыкмаларды көрсөтүп, аскердик оркестр дефиле аткарышты.
Эскерте кетсек, КР КК Улуттук гвардиясы жаш муундарды мекенди сүйүүгө тарбиялоо ишинде активдүүлүгүн көрсөтүп келет.