Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

1999-2000-жылдары аскердик милдетин аткарууда курман болгон "Баткен жоокерлери" эскерилди

31.10.2023
4022

2023-жылдын 31-октябрында 1999-2000-жылдары эл аралык бандиттик түзүмдөрдү жоюу боюнча аскердик милдетин аткарууда курман болгондорго арналган Бишкек шаарындагы "Баткен жоокерлери" монументине гүлчамбар коюу аземи болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов, Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башкаруу органдарынын өздүк курамы, Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары, Баткен жоокерлеринин Республикалык кеңешинин, Республикалык Баткен жоокерлери комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары катышышты.

Эскерүү иш-чарасы Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында митинг-реквием менен уланды. Митингдин катышуучулары баатырларды бир мүнөт унчукпай эскеришип, курман болгондордун элесине үч жолу ок атылды.

Эскерте кетсек, 26-октябрда Бишкек шаарында КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин отурумуна байланыштуу Баткен жоокерлерин эскерүү күнү 2023-жылдын 26-октябрынан 31-октябрына жылдырылган.