Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

18-августта Кыргызстандын аскердик авиациясынын күнү белгиленет

16.08.2023
3108

18-августта Кыргызстандын аскердик авиациясынын күнү белгиленет. Ошону менен бирге Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 64 жылдыгын белгилеп жатат.

Бул датага арналган иш-чарага КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн өздүк курамы жана жетекчилиги, ардагер-авиаторлор катышты.

Салтанатта Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы полковник Кылычбек Айдаралиев өздүк курамды куттуктап, кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчыларына коргоо министринин жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысынын буйругу менен сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара өздүк курамынын салтанаттуу саптык өтүүсү менен аяктады.