Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү

01.06.2025
127

2025-жылдын 1-июнунда, Балдарды коргоо күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүндө аскер кызматчыларынын балдары үчүн майрамдык концерттер жана оюн-зооктор уюштурулду.

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүндө аскер кызматчылардын балдары үчүн атайын уюштурулган иш-чарада балмуздактар жана таттуулар таратылып, аниматорлор менен бирге кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Бул майрамдык атмосфера балдардын жүздөрүнө күлкү тартуулап, алардын көңүлүн көтөрдү.

Ошондой эле, Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы Бишкек шаарында жайгашкан Республикалык Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебиндеги окуучулар менен жолугушту. Бул жерде окуу үчүн керектелүүчү белектер, таттуулар тапшырылып, театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, майрамдык концерт тартууланды.

Иш-чара 73809 аскер бөлүгүндө улантылып, анда балдар үчүн оюндар жана мелдештер уюштурулуп, таттуулар таратылды.