Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Медициналык камсыздоо

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлерине аттестация өткөрүү жана категорияларды ыйгаруу тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө

04.07.2024
419

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлерине аттестация өткөрүү жана категорияларды ыйгаруу тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө

          

Кыргыз   Республикасынын   Министрлер   Кабинетинин   2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын өкүлдөө жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өкүлдөөчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем   жаратуучу  ыйгарым  укуктарынын  өзүнчө  Тизмесинин 16-пунктунун 

3-пунктчасын аткаруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлерине аттестация өткөрүү жана категорияларды ыйгаруу тартиби жөнүндөнускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы:

1) катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту "Эркин-Тоо" газетасына мамлекеттик жана расмий тилдерде жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин расмий сайтында жарыяласын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн; 

3) күчүнө киргенден тарта үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн. 

3. Бул буйрукту ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин каражаттарынын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин. 

4..Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин (материалдык-техникалык жана экономикалык камсыздоо боюнча) орун басарына жүктөлсүн. 

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Буйрук тиешелүү адамдарга чейин жеткирилсин.

          

 

Коргоо министринин МУА

генерал-майор                                                                Р.М. Мукамбетов

 

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн медициналык кызматкерлерине категорияларды ыйгаруу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө 

НУСКАМА