Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Билим берүү

КР КК Аскер институтуна талапкерлерди тандоо процесси

11.09.2023
6784

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН АСКЕР ИНСТИТУТУНА ТАПШЫРУУНУН ШАРТТАРЫ

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтуна тапшыруунун шарттары КР КМ буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтуна кабыл алуу эрежелери менен аныкталган.

Аскердик кадрларды даярдоо төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

  • 1) командалык-тактикалык мотоаткычтар аскерлери;
  • 2) чек ара ишмердиги;
  • 3) жарандык коргоо командалык-тактикалык аскерлери.

Окуу мɵɵнɵтү 4 жыл.

КР КК Аскер институтуна талапкерлер катары, төмөнкүлөрдүн ичинен жалпы орто же кесиптик орто билим берүү мекемелерин аяктаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген аскердик кызмат өтөөдө келип чыккан укуктук чектөөлөрдү кабыл алган *Кыргыз Республикасынын жарандарыкаралат:

- аскердик кызматты өтөбөгөн жарандар - алдыдагы окуу жылдын башталышында 17 ден 21 чейинки жаш курагындагылар;

- аскердик кызматты өтөгөн жарандар - алдыдагы окуу жылдын башталышында - 24 жашка чейикилер;

- аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар (алты айдан кем эмес кызмат кылгангандар) - алдыдагы окуу жылдын башталышында 24 жашка чейинкилер.

Жаш курагы КР КК Аскер институтуна тапшырып жаткан учур болуп эсептелинет (тапшыруучу жылдын 1-сентябрына чейин).

Окууга тапшырууда талапкердин жалпы республикалык тестирлөөдө ийгиликтүү өтүшү негизги шарт,  чогулткан баллы КР Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдорго тапшыруучулар үчүн белгиленген чектик баллына дал келүүсү, ошондой эле КР Коргоо министрлигинин түздөн-түз кошумча өткөргөн сынактарынан ийгиликтүү өтүшү шарт болуп саналат.

Мөөнөттүү жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары конкурстук тандоого жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын тапшырбастан киргизилет.

КР КК Аскер институтуна тапшыруучулардын бардыгында сөзсүз Жалпы республикалык тестирлөө боюнча сертификаты болуусу керек, ал КР КК Аскер институтунда бюджеттик негизде жогорку аскердик билим алуу үчүн кепил болуп саналат.

Ошондой эле, мөөнөттүк жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары,  алар  мөөнөттүк аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган ЖРТ натыйжасы 3 жыл  ичинде жарактуу.

Мөөнөттүк жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары КР КК Аскер институтуна тапшырууда артыкча мүмкүнчүлүккө ээ боло алышат, эгерде алардын тестирлөөнүн жана кошумча сыноолордун жыйынтыгы башка талапкерлер менен бирдей болгон учурда.

* Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренеси.

 КР КК АСКЕР ИНСТИТУТУНА  ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КАЙДА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?

 

КР КК Аскер институтуна тапшырууну каалаган талапкерлер «КР КК Аскер институтуна, тапшыруу үчүн анкета» бөлүмүнөн онлайн каттоо өтүшү шарт. Анкеталык баракты толтурган соң, талапкерлер анкеталык баракты чыгарып аскердик комиссариатка (граждандык жарандар)/ аскердик бөлүккө (аскер кызматчылары)/ КУАЛ башчысына (КУАЛ бүтүрүүчүлөрү) талапкерлерди тандоо жана өздүк делосун тариздөө максатында көрсөтүү керек. Анкеталык барак көрсөтүлбөсө өздүк делону тариздөө жүргүзүлбөйт

 Аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын ичинен талапкерлерди баштапкы тандоо аскер комиссариаттары, ал эми аскер кызматчыларынын ичинен кошуундардын, бөлүктөрдүн командирлери жана мекемелердин башчылары тарабынан жүргүзүлөт.

КР КК Аскер институтуна тапшырууну каалаган аскер кызматчылары окууга тапшырылуучу жылдын 30-апрелине чейин аскердик бөлүктүн командиринин атына команда боюнча билдирме беришет.

КУАЛдын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен талапкерлер окууга тапшырылуучу жылдын 30-апрелине чейин аскер лицейинин башчысына арыз беришет.

Аскер кызматын өтөгөн жана өтөбөгөн, аскер окуу жайларына тапшырууну каалаган КР жарандары окууга тапшырылуучу жылдын 30-апрелине чейин жашаган жери боюнча райондук аскер комиссариатына арыз беришет

Аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары тарабынан бекитилген, аскер кызматчылардын жана аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын катарынан алдын ала тандалдан талапкерлердин тизмеси жана алардын өздүк делолору окууга тапшырылуучу жылдын 25-майына чейин КР КМ аскердик билим берүү жана илим башкармалыгына жиберилет.

 ϴЗДҮК ДЕЛОНУ ТАРИЗДӨӨ ҮЧҮН ТАЛАПТАР:

 

Талапкерлердин өздүк делосу таризделет:

-аскер кызматчылары үчүн аскердик кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде;

- КУАЛдын бүтүрүүчүлөрү үчүн КУАЛда  

- жарандар үчүнжашаган жери боюнча аскер комиссариаттарында.

КР КК Аскер институтуна тапшыруучу талапкерлерге мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүүнү милдеттүү түрдө тариздөө  (форма №2 боюнча уруксат) менен белгиленген үлгүдөгү өздүк делолор таризделет.

Талапкердин өздүк делосун тариздөө үчүн керектүү документтер:

- талапкер толтурган анкеталык барак;

- талапкерден аскер комиссарынын (аскердик бөлүктүн командиринин) атына арыз (билдирме). Арызда (билдирмеде) төмөнкүлөр көрсөтүлөт: аты-жөнү (аскердик наамы, ээлеген кызматы), туулган күнү, айы, жылы; билими; жашаган жеринин дареги, талапкердин жана анын ата-энесинин байланыш телефондору; ал окууну каалаган аскер окуу жайынын жана адистиктин аталышы.

- туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн, ким экенин жана жарандыгын далилдеген документтин (паспорттун) көчүрмөсү;

- өмүр баяны;

- окууган же иштеген жеринен мүнөздөмө;

- билиминин (аттестат, диплом) тиешелүү деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин көчүрмөсү (нотариус менен күбөлөндүрүлгөн);

- аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (тиешелүү жазуусу бар беттерин);

- жашаган жеринен маалым кат;

- үй бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалымкат;

- ИИМдин маалымат-аналитикалык башкармалыгынан талапкердин укук бузуусу жоктугу жөнүндө маалымат;

- аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары тарабынан күбөлөндүрүлгөн сүрөт (баш кийими жок, 3х4 см өлчөмүндө жалтырак эмес фото кагазда ак фондо, 6 даана);

- кесиптик психологиялык тандоонун картасы (аскер  кызматчылары үчүн кызматтык карточканын да көчүрмөсү);

- медициналык күбөлөндүрүү картасы, (психологиалык, наркологиалык, кургак учукка каршы жана тери-венерологиалык диспансерлерден) милдеттүү маалыматтар менен маалым кат;

- жазуусу менен флюорография, ЭКГ, мурун көӊдөйүнүн рентген сүрөттөрү;

- В жана С гепатит үчүн изилдөө;

- ички органдарынын УЗИси;

- кан, зара, RV анализдери;

- жетим балдар жана ата-энесинин кароосу жок калган балдарүчүн аныктоо документтеринин көчүрмөсү;

маанилүү:  ВИЧ-инфекциянын бар-жоктугун изилдөө, талапкерлер июль айында кирүү экзамендерине келгенде тапшырышат.

Паспорт, аскердик билет (каттоо күбөлүгү), жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты жана жалпы жалпы орто билим жөнүндө документтин түп нускасын талапкер келген учурда КР Коргоо министрилигинин кабыл алуу комиссиясына берилет.

КР КК АСКЕР ИНСТИТУТУНА ТАПШЫРУУЧУ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КЕСИПТИК ТАНДООДОН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ 3 ЭТАПТА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ (КОШУМЧА СЫНООЛОР):

Аскердик окуу мекемесине тапшыруучу талапкерлерди кесиптик тандоону ɵткɵрүү 3 этап боюнча ишке ашырылат.

1 этап. Тереӊдетилген медициналык күбөлөндүрүү;

2 этап. Талапкердин дене тарбиялык даярдыгын баалоо;

3этап. Социалдык-психологиялык изилдөөнүн негизинде талапкерлердин кесиптик жарактуулугунун категориясын аныктоо  (кесиптик-психологиялыктандоо);

КР КК АСКЕР ИНСТИТУТУНА ТАПШЫРУУЧУ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ МЕДИЦИНАЛЫК КҮБӨЛӨНДҮРҮҮДӨН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ

 

Медициналык күбөлөндүрүү КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.

Аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан бардык талапкерлерге төмөнкүлөр өткөрүлөт:

  • 1 ) төш клеткасын рентгенологиялык (флюрографиялык) изилдөө,
  • 2) мурун көӊдөйүнүн рентгени;
  • 3) кандын анализи (СО, гемоглобинди, лейкоциттерди аныктоо);
  • 4) RV анализи;
  • 5) ЭКГ;
  • 6)В жана С гепатит үчүн изилдөө;
  • 7) ички органдарынын УЗИси;
  • 8) ВИЧ-инфекциянын бар-жоктугун изилдөө;
  • 9) психологиялык, наркологиялык, кургак учукка каршы жана тери-венерологиялык диспансерлерден маалым кат.

Ден соолугунун абалы боюнча аскер окуу жайларына өтүүгө жарактуу деп табылган талапкерге кийинки кошумча сыноолорду тапшырууга уруксат берилет.

Ден соолугунун абалы боюнча аскер окуу жайларына өтүүгө жараксыз деп табылган талапкерге кийинки кошумча сыноолорду уруксат берилбейт

КР КК АСКЕР ИНСТИТУТУНА ТАПШЫРУУЧУ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ДЕНЕ ТАРБИЯЛЫК ДАЯРДЫГЫН БААЛОО ТАРТИБИ

 

Дене тарбия даярдыгын текшерүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2022-жылдын 2-июнунда №319 буйругу менен колдонууга киргизилген «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн дене тарбия  боюнча колдонмонун (ДДК-2022)» негизинде өткөрүлөт.

Дене тарбия даярдыгы боюнча текшерүү төмөнкү 3 деӊгээлде өткөрүлөт:

к/н

КөнүгүүлөрБир көнүгүүдөгү босого деңгээли минималдуу упайларБаа
 
канаат.жакшыэң жакшы
үч көнүгүүлөрдөгү упайлар
1.Тартылуу (турникте)26120150170
2.100 м.чуркоо
3.3 км. чуркоо

Аскердик окуу жайларына тапшыруучу талапкерлердин физикалык дэңгээлин аныктоо үчүн алган баллдарын 100 баллдык шкалага которуу колдонулат.

Дене тарбиялык даярдык боюнча нормативдерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге кийинки кошумча сыноолорду тапшырууга уруксат берилет.

Дене тарбиялык даярдык боюнча нормативдерди тапшыра албаган талапкерге кийинки кошумча сыноолорду тапшырууга уруксат берилбейт.

 КР КР АСКЕР ИНСТИТУТУНА ТАПШЫРУУЧУ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КЕСИПТИК ТАНДООДОН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ

 

Талапкерлерди кесиптик-психологиялык тандоо КР КМ бекитилген методикасынын жана 2022-жылдын 15-июлундагы № 13 "Аскердик окуу жайларга тапшыруучу талапкерлерди кесиптик жана психологиялык тандоо боюнча нускамалоону ишке киргизүү жөнүндө" буйругунун негизинде жүргүзүлөт.

Тестирлөө мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

Аскердик-кесиптик багытын жана жеке психологиялык сапаттарын баалоо, талапкерлердин аскер окуу жайда ийгиликтүү окууга, тандаган аскердик адистигин үйрөнүүгө жана аскердик-кесиптик ишинде алган билимдерин натыйжалуу колдонуу үчүн зарыл болгон конкреттүү инсандык сапаттарын жана жеке өзгөчөлүктөрүн табуу максатында жүргүзүлөт.

Аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлердин ой жүгүртүү деңгээлин жана психологиялык абалын текшерүү компьютердик жана жазуу тестирлөө түрүндө жүргүзүлөт.

Бул кесиптик-психологиялык тандоо талапкерлердин аскер окуу жайда  окууга жарамдуулугунун, анын психологиялык абалын, аналитикалык, логикалык, логико-математикалык ой-жүгүртүү, мейкиндиктеги түшүнүктөрдү талдоо жөндөмдүүлүктөрүн, көңүл буруу өзгөчөлүктөрүн аныктоо болуп эсептелет.

Тест ар түрдүү материал колдонулган тапшырмалардан турат: мейкиндиктеги ой жүгүртүүдөгү арифметикалык жана логикалык тапшырмалар жана мыйзам ченемдүүлүктөрдү издөө, лингвистикалык тапшырмалар, ошондой эле тѳрт деӊгээлдүү категориясынан үч деӊгээлдүү категорияга, тѳртүнчү деӊгээлин кошпостон, ѳтүү жолу менен жүргүзүлѳт.

Кесиптик-психологиялык тандоодон ийгиликтүү өткөн, төртүнчү деңгээлдеги категорияга кирбеген талапкерге КР КК Аскер институтуна кирүү үчүн конкурска катушууга уруксат берилет.

Канааттандырарлык эмес баа алган жана төртүнчү деңгээлдеги категорияга кирген  талапкерге КР КК Аскер институтуна кирүү үчүн конкурска катушууга уруксат берилбейт.

 КР КК АСКЕР ИНСТИТУТУНА КУРСАНТ КАТАРЫ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ

 КР КК Аскер институтуна жогорку балл алган, медициналык күбөлөндүрүүдөн жана кошумча сыноолорду өткөн талапкерлер гана кабыл алынат.

КК Аскер институтуна конкурстан сырткары медициналык күбөлөндүрүүдөн, кошумча сыноолордон өткөн жана ЖРТнын босоголук баллына барабар же андан жогору балл алган өткөн Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат.

Тандоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алууга сунушталган талапкерлердин баллдарынын ырааттуулугу боюнча тизмеси түзүлүп гранттык комиссиянын мүчөлөрү кол коет.

КР КК Аскер институтуна кабыл алууга сунушталган талапкер 3 күндүн ичинде өзүнүн окугусу келгендигин тастыкташы керек.

Эгерде, КР КК Аскер институтуна кабыл алуунун 1-турунан кийин гранттар боюнча окутуу үчүн бош орундар калса, комиссия кабыл алуунун 2-турун өткөрөт.

Конкурстун 2-туруна 1-турдун жыйынтыгы боюнча КР КК Аскер институтуна кабыл алынбаган талапкерлер катыша алат. Бош орундар жөнүндө2-тур башталганга чейин дубал такталарга маалыматтар илинет.

Талапкерлерди кабыл алуу гранттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жана кошумча сыноолордун жыйынтыктары боюнча кабыл алуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.

КР КК Аскер институтуна кабыл алынган курсанттар ЖОЖдо окуу мөөнөтүн кошуу менен 10 жылга контракт түзүшөт.

Аскер институтун аяктаган бүтүрүүчүлɵргɵ “лейтенант” аскердик наамы жана “Бакалавр” академиялык даражасы ыйгарылат.

 

[/vc_column_text][/vc_column][/vc_row][vc_row][vc_column][vc_btn title="КР КК Аскер институтуна тапшырып жаткан талапкерлер үчүн анкета " shape="square" color="chino" align="center" link="url:https%3A%2F%2Fmil.gov.kg%2Fanketa-dlya-kandidata-postupayushhego-v-voennyj-institut-vooruzhennyh-sil-kr%2F|||"][/vc_column][/vc_row]