Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Билим берүү

Аскер лицейине талапкерлерди тандоо процесси

01.03.2024
5226

2024-2025 окуу жылына Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине кабыл алуу эрежелери

 

 Кыргыз улуттук аскер лицейине (КУАЛ) конкурстук негизде, жалпы билим берүүчү уюмдун (мектеп, гимназия, мектеп-интернат ж.б.) 9-классын тапшырган жылы бүтүргөн, 15-16 жаштагы уландар кабыл алынат. Ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөр) Кыргыз Республикасынын жараны болушу шарт.

         КУАЛга тапшырууну каалаган талапкерлер, ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдүн) жана талапкерлердин ортосундагы эки тараптуу макулдашуусунун негизинде арыз жазылат. Жашаган жери боюнча райондук, шаардык аскер комиссириаты тарабынан өздүк делосу толтурулат.

 Талапкерлердин өздүк делосу эки делого тигилип, тизмеленип жана тариздөөчүнүн колу коюлушу керек.

Биринчи делодо  төмөндөгүдөй документтер болууга тийиш:

- ата-энесинин ( мыйзамдуу өкүлдүн) арызы;

- талапкердин КУАЛдын башчысынын наамына аскер лицеинде окууга каалоосу тууралуу жеке арызы;

-талапкердин төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (нотариус тараптан күбөлөндүрүлгөн) ;

- өмүр баяны (1 экземпляр өз колу менен 1 экземпляр басылган);

-үй-бүлөсүнүн курамы көрсөтүлгөн ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдүн) жашаган жеринен аныктама;

- жашы жетпегендердин иши боюнча инспекциядан (ИДНден) жашаган жери боюнча каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымкат; 

-ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдүн) паспортторунун көчүрмөсү;

- талапкердин окуган жеринен өзүк делосунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- негизги орто билими тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн, оригиналы колунда болуш керек);

-3*4 см форматындагы 4 сүрөт (баш кийимсиз);

Жетим жана ата-эненин кароосуз калган балдардан төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:

- ата-энесинин өлгөндүгүнүн тастыктаган документ (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

- камкордукка алгандыгын тастыктоочу соттун жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын чечими (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

- камкордукка алгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

- ата-энелик укуктан ажыраткандыгы тууралуу соттун чечиминин көчүрмөсү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

Экинчи делода төмөндөгүдөй документтер болууга тийиш (формадагы бети менен):

-аскедик комиссириатынын медициналык комиссиясынын өткөндүгүнүн жыйынтыктары менен медициналык күбөлөндүрүлгөн картасы, (форма № 63) профилактикалык эмдөөлөрдүн картасы;

- жашаган жери боюнча поликлиникадан №025 1У формадагы өспүрүм үчүн баракча;

- жашаган жери боюнча психологиялык, наркологиялык, кургак учукка каршы, тери жана неврологиялык диспансерлерден маалымкат;

- флюорография , ЭКГ, мурун көңдөйлөрүн рентгендик текшерүүлөрү;

- кан анализи, заара анализи;

- курттардын, гельминттердин, дизентериялык бактерия алып жүрүүчүнүн жана лямблия цисаларынын жумурткаларына заң анализи;

- кант тестинин натыйжалары;

Бардык талапкерлер жогоруда көрсөтүлгөн медициналык маалымкаттарды жана анализдерди сөзсүз тапшырышы керек.

Маанилүү: КУАЛга кабыл алынганга чейинки айыктырып ала  турган оорулар:

  • тиш оорулары;
  • өнөкөт тонзиллит;
  • сектелген тери оорулары;
  • грыжа;
  • II-III даражадагы сперматикалык тамырлардын варикоздун кеңейиши;
  • өнөкөт блефарит;
  • конъюктивит;

КУАЛГА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАБЫЛ АЛУУСУ 3 ЭТАП МЕНЕН УЮШТУРУЛАТ:

1 этап: тереңдетилген медициналык кароо.

2 этап: физикалык даярдагынын дэңгээли.

3 этап: жалпы билим берүүчү дисциплиналар боюнча сынактык тандоо: 

- Кыргыз тили жана кыргыз адабияты;

- Орус тили жана орус адабияты;

- Математика; 

- Тарых.

Тестти тапшыруу кыргыз мектептерден келгендер кыргыз тилинде, орус мектептен келгендер орус тилинде тапшырышат.

Тестирлөө ыкчам натыйжалары менен программалык камсыздоо менен жүзөгө ашырылат.

КУАЛга кабыл алуу уландардын конкурстук тандоонун натыйжасы жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдүн) каалоолору боюнча жүргүзүлөт, КУАЛ менен ата-энелрдин (мыйзамдуу өкүлдүн) ортосунда келишим түзүлөт.

КУАЛга конкурстан тышкары кабыл алынышы мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Иш башкармалыгынын мөөрү менен тастыкталган аскердик милдетин аткаруу учурунда же андан алган жаракат жана контузиянын кесепетинен каза болгон аскер адамынын балдары, же аскердик милдетин аткаруу учурунда ооруга чалдыккан аскер адамынын балдары;

-Кыргыз Эл Баатырларынын балдары ( күбөлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

-Жетим балдар, ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (соттун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетим балдардын статусун ырастаган чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган балдар);

Жетим балдар болуп, ата-энесинин экөөсү тең жок, камкордугусуз калган жетим болуп эсептелинет.

Талапкерлердин өздүк иштери 2024-жылдын 1-июнунан 20-июлуна чейин КУАЛга тапшырылышы керек.

Кирүү экзамендерин тапшыруучу жер КУАЛдын базасында өтөт.

Медициналык кароодон өтпөгөн талапкерлер дене даярдоо боюнча экзаменине киргизилбейт, ал эми дене даярдыгы боюнча экзаменден өтпөгөндөр тестирлөөгө кирүүгө уруксат берилбейт.