Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Билим берүү

Чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына талапкерлерди тандоо шарттары

01.04.2024
8075

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК АСКЕР ОКУУ ЖАЙЛАРГА ТАПШЫРУУ ШАРТТАРЫ

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларга тапшыруунун шарттары КыргызРеспубликасынын ϴкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 токтому менен бекитилген Чет мамлекеттик аскер окуу жайларынд а билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобосу менен аныкталган.  

Учурда аскердик кадрларын даярдоо төмөнкү чет мамлекеттик аскер окуу жайларында жүргүзүлөт:

- Россия Федерациясы;         

- Казахстан Республикасы;         

- ϴзбекстан Республикасы;  

- Кытай Элдик Республикасы;  

 - Түркия Республикасы.             

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларга тапшыруучу талапкерлер катары, төмөнкүлөрдүн ичинен жалпы орто же кесиптик орто билим берүү мекемелерин аяктаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген аскердик кызмат өтөөдө келип чыккан укуктук чектөөлөрдү кабыл алган *Кыргыз Республикасынын (эркек) жарандары каралат:

- аскердик кызматты өтөбөгөн жарандар - алдыдагы окуу жылдын башталышында 17 ден 21 чейинки жаш курагындагылар;

- аскердик кызматты өтөгөн жарандар - алдыдагы окуу жылдын башталышында - 24 жашка чейикилер;

- аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар (алты айдан кем эмес кызмат кылгангандар) - алдыдагы окуу жылдын башталышында 24 жашка чейинкилер.

Жаш курагы чет мамлекеттик аскер окуу жайга тапшырып жаткан учур болуп эсептелинет (тапшыруучу жылдын 1-сентябрына чейин).

Маанилүү: Кыздар үчүн медициналык профиль боюнча эле адистиги каралган (Түркия Республикасынын медициналык илим Университетинин "Гульхане" медициналык факультетиндеги окуу орунуна кыздар да тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар). 

Окууга тапшырууда талапкердин жалпы республикалык тестирлөөдө ийгиликтүү өтүшү негизги шарт,  чогулткан баллы КР Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдорго тапшыруучулар үчүн белгиленген чектик баллына дал келүүсү, ошондой эле КР Коргоо министрлигинин  түздөн-түз кошумча өткөргөн сынактарынан ийгиликтүү өтүшү шарт болуп саналат.

Мөөнөттүү жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары конкурстук тандоого жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын тапшырбастан киргизилет.

* Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренеси.

 

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК АСКЕР ЖОЖго КАНТИП ТАПШЫРУУ, КАЙДА  КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?

Аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын ичинен талапкерлерди баштапкы тандоо аскер комиссариаттары, ал эми аскер кызматчыларынын ичинен кошуундардын, бөлүктөрдүн командирлери жана мекемелердин башчылары тарабынан жүргүзүлөт.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырууну каалаган аскер кызматчылары окууга тапшырылуучу жылдын 30-апрелине чейин аскердик бөлүктүн командиринин атына команда боюнча билдирме беришет.

КУАЛдын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен талапкерлер окууга тапшырылуучу жылдын 30-апрелине чейин аскер лицейинин башчысына арыз беришет.

Аскер кызматын өтөгөн жана өтөбөгөн, аскер окуу жайларына тапшырууну каалаган КР жарандары окууга тапшырылуучу жылдын 30-апрелине чейин жашаган жери боюнча райондук аскер комиссариатына арыз беришет

Аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары тарабынан бекитилген, аскер кызматчылардын жана аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын катарынан алдын ала тандалдан талапкерлердин тизмеси жана алардын өздүк делолору окууга тапшырылуучу жылдын 25-майына чейин КР КМ аскердик билим берүү жана илим башкармалыгына жиберилет.

 

ϴЗДҮК ДЕЛОНУ ТАРИЗДӨӨ ҮЧҮН ТАЛАПТАР:

Талапкерлердин өздүк делосу таризделет:

-аскер кызматчылары үчүн аскердик кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде;

- КУАЛдын бүтүрүүчүлөрү үчүн КУАЛда  

- жарандар үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарында.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшыруучу талапкерлерге мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүүнү милдеттүү түрдө тариздөө  (форма №2 боюнча уруксат) менен белгиленген үлгүдөгү өздүк делолор таризделет.

Талапкердин өздүк делосун тариздөө үчүн керектүү документтер:

- талапкер толтурган анкеталык барак;

- талапкерден аскер комиссарынын (аскердик бөлүктүн командиринин) атына арыз (билдирме). Арызда (билдирмеде) төмөнкүлөр көрсөтүлөт: аты-жөнү (аскердик наамы, ээлеген кызматы), туулган күнү, айы, жылы; билими; жашаган жеринин дареги, талапкердин жана анын ата-энесинин байланыш телефондору; ал окууну каалаган аскер окуу жайынын жана адистиктин аталышы.

- туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн, ким экенин жана жарандыгын далилдеген документтин (паспорттун) көчүрмөсү;

- өмүр баяны;

- окууган же иштеген жеринен мүнөздөмө;

- билиминин (аттестат, диплом) тиешелүү деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин көчүрмөсү (нотариус менен күбөлөндүрүлгөн);

- аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (тиешелүү жазуусу бар беттерин);

- жашаган жеринен маалым кат;

- үй бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалымкат;

- ИИМдин маалымат-аналитикалык башкармалыгынан талапкердин укук бузуусу жоктугу жөнүндө маалымат;

- аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары тарабынан күбөлөндүрүлгөн сүрөт (баш кийими жок, 3х4 см өлчөмүндө жалтырак эмес фото кагазда ак фондо, 6 даана);

- кесиптик психологиялык тандоонун картасы (аскер  кызматчылары үчүн кызматтык карточканын көчүрмөсү);

- медициналык күбөлөндүрүү картасы, (психологиалык, наркологиалык, кургак учукка каршы жана тери-венерологиалык диспансерлерден) милдеттүү маалыматтар менен маалым кат;

- түшүндүрмө жазуусу менен флюорография, ЭКГ, мурун көӊдөйүнүн рентген сүрөттөрү;

- В жана С гепатит үчүн изилдөө;

- ички органдарынын УЗИси;

- кан, зара, RV анализдери;

- жетим балдар жана ата-энесинин кароосу жок калган балдар үчүн аныктоо документтеринин көчүрмөсү;

маанилүү: ВИЧ-инфекциянын бар-жоктугун изилдөө, талапкерлер июль айында кирүү экзамендерине келгенде тапшырышат.

Паспорт, аскердик билет (каттоо күбөлүгү), жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты жана жалпы жалпы орто билим жөнүндө документтин түп нускасын талапкер келген учурда КР Коргоо министрлигинин кабыл алуу комиссиясына берилет.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайына тапшыруучу талапкерлердин документтери расмий (орус) тилде таризделиши керек.  

 

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК АСКЕР ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРУУЧУ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КЕСИПТИК ТАНДООДОН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ 4 ЭТАПТА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ (кошумча сыноолор):

1 этап. Тереӊдетилген медициналык күбөлөндүрүү;

2 этап. Талапкердинденетарбиялыкдаярдыгынбаалоо;

3 этап. Социалдык-психологиялыкизилдөөнүн негизинде талапкерлердин кесиптик жарактуулугунун категориясын аныктоо (кесиптиктандоо);

4 этап. Талапкерлердин жалпы билимдик даярдыгын баалоо.

 

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК АСКЕР ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРУУЧУ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ МЕДИЦИНАЛЫК КҮБӨЛӨНДҮРҮҮДӨН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ

Медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 18-декабрындагы N 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.

Аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан бардык талапкерлерге төмөнкүлөр өткөрүлөт:

  • 1) төш клеткасын рентгенологиялык (флюрографиялык) изилдөө,
  • 2) мурун көӊдөйүнүн рентгени;
  • 3) кандын анализи (СО, гемоглобинди, лейкоциттерди аныктоо);
  • 4) RV анализи;
  • 5) ЭКГ;
  • 6) В жана С гепатит үчүн изилдөө;
  • 7) ички органдарынын УЗИси;
  • 8) ВИЧ-инфекциянын бар-жоктугун изилдөө;
  • 9) психологиялык, наркологиялык, кургак учукка каршы жана тери-венерологиялык диспансерлерден маалым кат.

Учкучтук курамды даярдоо боюнча ЖОЖдорго тапшырып жаткан талапкерлерди алгачкы медициналык күбөлөндүрүү өзүнө 2 этапты камтыйт.

Биринчи этапта талапкерлер оорулардын аталышынын 2-графасы боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын алдындагы врачтык комиссияда же гарнизондук (аскер ооруканасынын) АДК күбөлөндүрүлөт, мында төмөнкү адамдар тандалат:

  • 1) нормалдуу жарыкты сезүүсү;
  • 2) коррекциясыз ар бир көзгө 1,0 көрүүнүн курчтугу;
  • 3) артериалдык басым 130/80 жогору эмес жана 105/70 мм рт. ст., кем эмес, денесинин салмагы 90 кг. жогору эмес, бою 160 см. кем эмес жана 186 см. узун эмес, бутунун узундугу 80 см. жогору эмес, колунун узундугу 76 см. жогору эмес, отурганда боюнун бийиктиги 80 см. жогору эмес жана 97 см. жогору эмес.

Ушул талаптарга жооп берген талапкерлерге клиникалык кандын анализи жана кандын жалпы анализи, заңда чүчөк курттардын жана лямблий цисталардын жумурткаларына изилдөө, төш клеткаларынын органдарын рентгенологиялык (флюрографиялык) жана мурундун жанындагы көңдөйлөрдү изилдөө, тынч турганда жана физикалык кыйналуудан кийин (Устанын эки пробасы) ЭКГ, Кориолистин ылдамдашынын кумуляциясында үзгүлтүктүү эки минуталык таасир этүү же отолиталык реакция, ВИЧ-инфекциянын бардыгына изилдөө жүргүзүлөт, андан тышкары психологиялык, наркологиялык, туберкулезго каршы жана тери-венерологиялык диспансерлерден маалым кат талап кылынат.

Ден соолугунун абалы боюнча  жарактуу деп табылган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилет.

Ден соолугунун абалы боюнча жараксыз деп табылган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилбейт.

 

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК АСКЕР ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРЫП ЖАТКАН ТАЛАПКЕРДИН ДЕНЕ ТАРБИЯЛЫК ДАЯРДЫГЫН БААЛОО ТАРТИБИ

Дене тарбия даярдыгын текшерүү КР КМ 2022-жылдын 2-июнунда № 319 буйругу менен колдонууга киргизилген «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн дене тарбия боюнча колдонмонун (ДДК-2022)» негизинде өткөрүлөт.

Дене тарбия даярдыгы боюнча текшерүү төмөнкү 3 деӊгээлде өткөрүлөт:

к/н

КөнүгүүлөрБир көнүгүүдөгү босого деңгээли минималдуу упайларБаа 
 
канаат.жакшыэң жакшы
үч көнүгүүлөрдөгү упайлар
1.Тартылуу (турникте)26120150170
2.100 м.чуркоо
3.3 км. чуркоо

Аскердик окуу жайларына тапшыруучу талапкерлердин физикалык дэңгээлин аныктоо үчүн алган баллдарын 100 баллдык шкалага которуу колдонулат.

Дене тарбиялык даярдык боюнча нормативдерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилет.

Дене тарбиялык даярдык боюнча нормативдерди тапшыра албаган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилбейт.

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК АСКЕР ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРУУЧУ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КЕСИПТИК ТАНДООДОН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ

Талапкерлерди кесиптик-психологиялык тандоо КР КМ 2014-жылдын 17-майындагы № 216 буйругу менен бекитилген методикасынын жана КР КМ 2022-жылдын 15-июлундагы № 13 "Аскердик окуу жайларга тапшыруучу талапкерлерди кесиптик жана психологиялык тандоо боюнча нускаманы ишке киргизүү жөнүндө" буйругунун негизинде жүргүзүлөт.

Аскердик-кесиптик багытын жана жеке психологиялык сапаттарын баалоо, талапкерлердин аскер окуу жайларында ийгиликтүү окууга, тандаган аскердик адистигин үйрөнүүгө жана аскердик-кесиптик ишинде алган билимдерин натыйжалуу колдонуу үчүн зарыл болгон конкреттүү инсандык сапаттарын жана жеке өзгөчөлүктөрүн табуу максатында жүргүзүлөт.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлердин ой жүгүртүү деңгээлин жана психологиялык абалын текшерүү компьютердик жана жазуу тестирлөө түрүндө жүргүзүлөт.

Бул кесиптик-психологиялык тандоо талапкерлердин аскер окуу жайда  окууга жарамдуулугунун, анынпсихологиялык абалын, аналитикалык, логикалык, логико-математикалык ой-жүгүртүү, мейкиндиктеги түшүнүктөрдү талдоо жөндөмдүүлүктөрүн, көңүл буруу өзгөчөлүктөрүн аныктоо болуп эсептелет.

Тест ар түрдүү материал колдонулган тапшырмалардантурат: мейкиндиктеги ой жүгүртүүдөгү арифметикалык жана логикалык тапшырмалар жана мыйзам ченемдүүлүктөрдү издөө, лингвистикалык тапшырмалар, ошондой эле тѳрт деӊгээлдүү категориясынан үч деӊгээлдүү категорияга, тѳртүнчү деӊгээлин кошпостон, ѳтүү жолу менен жүргүзүлѳт.

Тестирлөө мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

Кесиптик-психологиялык тандоодон ийгиликтүү өткөн, төртүнчү деңгээлдеги категорияга кирбеген талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилет.

Канааттандырарлык эмес баа алган жана төртүнчү деңгээлдеги категорияга кирген  талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилбейт.

 

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК АСКЕР ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРУУЧУ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ЖАЛПЫ БИЛИМИНИН ДАЯРДЫГЫН БААЛОО ТАРТИБИ

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшыруучу талапкерлерди жалпы билим берүүчү предметтер боюнча тестирлөөнү кабыл алуу комиссиясынын төрагасы бекиткен ырааттамасына ылайык өткөрүлөт.

Талапкерлердин жалпы билимдик даярдыгын баалоо экзамендерди (тестерди) өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. Алар башталганга чейин талапкерлер үчүн кеңеш берүүлөр өткөрүлөт, тестирлөөнү өткөрүү тартиби жана коюлуучу талаптар түшүндүрүлөт.

Талапкерлердин топтору 25-30 адамдан түзүлөт. Талапкерлерге экзамендердин ырааттамасы ал башталганга чейин 3 күн калганда жарыяланат.

Экзамендерден (кесиптик жана кесиптик эмес) канааттандырарлык эмес баа алган же белгиленген ырааттаманын убагында экзамендердин бирине жүйөлүү себепсиз келбей калган талапкерлер кийинки экзамендерге киргизилбейт.

 Экзамендерди кайталап тапшырууга уруксат берилбейт. Талапкер ден соолугу абалы же башка себептер боюнча экзамендерди (тесттерди) тапшыра албай тургандыгы жөнүндө тастыктоочу документтер менен экзамен (тест) башталганга чейин комиссияга билдирүүсү керек. Ушундай талапкерлерден экзамендерди кайра алуу экзамендерди (тести) өткөргөндөн кийин 3 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Медициналык көрсөткүчтөр боюнча жарактуу, кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн жана кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган талапкерлер талапкерлерди курсанттар катары өткөрүүнүн конкурстук тизмелерине киргизилет.

Кабыл алуучу комиссия конкурстук тизмени карап чыгуунун негизинде чет мамлекеттик аскер окуу жайларында окууга талапкерлердин белгиленген санын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Кабыл алуу комиссиясы тарабынан чет мамлекеттик аскер окуу жайларына талапкерди өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимдин негизи болуп кесиптик тандоонун бардык көрсөткүчтөрүнө комплекстик мамилени эске алуу менен мандаттык комиссиянын чечими болуп саналат. Мында ушуга тең катары талапкердин моралдык-иштик сапаттары, анын ден соолугунун абалы жана экзамендердин (тесттердин) жыйынтыктары эске алынат.

 

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК АСКЕР ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КУРСАНТТАР КАТАРЫ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ

Медициналык көрсөткүчтөр боюнча жарактуу, кесиптик-психологиялык тандоодон ийгиликтүү өткөн жана кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган талапкерлер талапкерлерди курсанттар катары өткөрүүнүн конкурстук тизмелерине киргизилет.

Кабыл алуучу комиссия конкурстук тизмени карап чыгуунун негизинде чет мамлекеттик аскер окуу жайларында окууга талапкерлердин белгиленген санын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алуучу комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Кабыл алуу комиссиясынын протоколунун негизинде чет мамлекеттик аскер окуу жайларынын 1-курсуна талапкерлерди өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин буйругу чыгарылат.

Конкурстан тышкары талапкерлердин ичинен кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн жана кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган жетим балдар жана ата-энесинин кароосу жок калган балдар өтөт.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына өтүүдө сыноолордун жүрүшүндө төмөнкүлөрдүн ичинен тең жыйынтыктарды көрсөткөн талапкерлер артыкча укуктарды колдоно алат:

- беш айдан кем эмес кызмат кылган мөөнөттүү аскер кызматчылары, алардын ичинен мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлангандар;

- аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон же аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган майыптыктын (жаракат, травма, контузия) же оорунун кесепетинен каза болгон аскер кызматчылардын балдары;

- Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү (артыкчылык аттестатын алгандардан тышкары).

Кабыл алуу комиссиясы тарабынан чет мамлекеттик аскер окуу жайларына талапкерди өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимдин негизи болуп кесиптик тандоонун бардык көрсөткүчтөрүнө комплекстик мамилени эске алуу менен мандаттык комиссиянын чечими болуп саналат. Мында ушуга тең катары талапкердин моралдык-иштик сапаттары, анын ден соолугунун абалы жана экзамендердин жыйынтыктары эске алынат.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайына кабыл алынган курсанттар, окуу мөөнөтүн тышкаруу 10 жылга контракт түзүшөт.