Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" Коргоо министринин буйругу

03.04.2024
2976

     Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик граждандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” жана 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

     2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары, Коргоо министринин орун басарлары, Коргоо министринин орун басары – Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын  кол башчысы, Коргоо министрлигинин (мындан ары – КР КМ) Борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн башчылары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Улуттук гвардиясынын кол башчылары, 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана мекемелеринин башчылары туруктуу негизде: 

     –бар болгон коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу;

   –коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги болгон учурларды жана кырдаалдарды минималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүшсүн.

    3. КР КК ГШ башкы тарбия иштер башкармалыгы ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин расмий сайтында, ал катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык жарыяланышын камсыздасын.

      4.Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу:

     – расмий жарыяланган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөлөрүн (эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, аны жарыялоо булагы жөнүндө маалыматты белгилөө менен  кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө) жөнөтсүн;

   – ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн. 

      5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн. 

      6. Буйрук тиешелүү адамдарга чейин жеткирилсин.

Коргоо министри

генерал-лейтенант                                                                                      Б.А. Бекболотов