Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

"Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө" арналган иш-чара болуп өттү

17.12.2024
55

2024-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде КР КМ коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү подполковник Байыш Абдыжапаровдун демилгеси менен "Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө" арналган иш-чара болуп өттү .
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, КР УКМК, Аскер прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин, ошондой эле Коргоо министрлигинин, Генералдык штабдын, Абадан кол салуудан коргоо Күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын жетекчилик курамы жана аскер комиссарлары катышышты. 
Ошондой эле, иш-чара республиканын аскердик коопсуздугунун түштүк жана түндүк аймактарына видео-конференциялар аркылуу көрсөтүлдү.

Тегерек столдун жүрүшүндө "Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу" темасында юридикалык илимдердин кандидаты, доцент, полковник Бакыт Какешов баяндама жасады.
Бул тегерек столдун максаты -  коррупцияга каршы күрөшүү саясатын өркүндөтүү чөйрөсүндө мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө министрликтин өздүк курамына түшүндүрүү жана жеткирүү, ошондой эле күнүмдүк кызматта тартипти жана мыйзамдуулукту сактоого чакыруу болду.