Башкы
>
Жаңылыктар
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын машыгууларынын активдүү фазасы болуп өттү
Бүгүн, 2024-жылдын 11-сентябрында 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын окуу-машыгуу полигонунда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын машыгууларынын активдүү фазасы болуп өттү.
Машыгуунун активдүү фазасына жана жабылыш аземине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы–Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов, ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Андрей Сердюков, ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын кеңешине караштуу ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин делегациясы, ошондой эле аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
Машыгууда ЖККУ ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖКЖК) бардык компоненттеринин ырааттуу аракеттери - биргелешкен операциянын жүрүшүндө көрсөтүлдү.
Машыгуунун сценарийи боюнча, шарттуу душман чек арадагы аймактын бир бөлүгүнө көзөмөл орнотуп, бир катар калктуу пункттарды басып алган. Кыска мөөнөттө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик контингенттери шарттуу аймакка көчүрүлдү. ЖККУнун ЫЖКЖК милдети - Борбордук Азия регионунда куралдуу жаңжалды чечүү боюнча биргелешкен операцияларды жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын ӨКМдин жана ИИМдин бөлүмдөрү согуштук аракеттер жүрүп жаткан райондордон жергиликтүү калкты көчүрүү жана убактылуу жашоочу жайларга көчүрүү иштерин жүргүзүштү.
Согушкерлерди даярдоонун базалык аймактарын жана алардын жүрүү маршруттарын табуу үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүү Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн "Суперкам" учкучсуз учуучу аппаратынын жардамы менен жүргүзүлдү.
Машыгуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн "Орион" учкучсуз учуучу аппараты менен ракеталык сокку жана Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Су-30см учактары менен душмандын негизги күчтөрүнө абадан сокку урулду.
Буталардын кулашын көзөмөлдөөнү орусиялык "Суперкам" дрону аткарган.
Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн роталык-тактикалык топтору Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн МИ-17 жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ми-8 МТВ тик учактарынын ок атуу колдоосунда калктуу конуштарга жакындоодо шарттуу душмандын күчтөрүн жок кылууну иштеп чыгышты.
Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик авиациясынын тик учактарынан тактикалык аба десантынын конушу – ЫЖКЖК роталык-тактикалык топторуна калктуу конуштарды "боевиктердин" басып алышына жол бербөө үчүн пайдалуу чекти ээлөөгө мүмкүндүк берди. Тактикалык аба десантын Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын атайын багыттагы топтору ишке ашырышты. Десантчылардын аракетин Кыргыз Республикасынын Д-30 жана "МСТА-Б" артиллериялык батареялары коштоду.
Душмандардын резервдери тосулган калктуу конушка жакындашына жол бербөө максатында Ан-26 аскердик-транспорттук учагынан парашют менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн атайын багыттагы тобунун курамында тактикалык аба десанты конду.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн "Илбирс" атайын багыттагы тобу жана Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын Ички иштер министрликтеринин атайын багыттагы топтору калктуу конуштарды тазалоо иштерин жүргүзүштү.
ЖККУ бөлүмдөрүнүн активдүү жана координацияланган иш-аракеттеринин аркасында душман жок кылынып, мамлекеттик чек ара калыбына келтирилди.
ЖККУ ЫЖКЖК машыгуунун активдүү фазасынын алкагында төмөнкү маселелер иштелип чыкты:
- ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн кошуундары менен согуштук жана атайын аракеттерди жүргүзүү;
- душмандын талкаланышын аяктоо үчүн тактикалык аба (деңиз) десантынын конушу;
- душмандын аба чабуулунун каражаттарынын соккусунан аскерлерди жабуу (коргоо);
- согуш аракеттеринин жүрүшүндө пайда болгон кесепеттерди жоюу.
Машыгуулардын жүрүшүндө учкучсуз авиацияны колдонууга жана ага каршы турууга, ошондой эле радиоэлектрондук күрөш жана ок атуу каражаттарын биргелешип колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.
"Эдельвейс" полигонундагы машыгуулардын өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана каражаттарын жана көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) абадан коргонуунун бириккен тутумунун бөлүнгөн курамын тартуу болуп саналат.ЖККУ ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн бөлүмдөрүнүн активдүү жана координацияланган иш-аракеттеринин аркасында душман жок кылынып, мамлекеттик чек ара калыбына келтирилди.
ЖККУ ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн машыгуунун активдүү фазасынын алкагында төмөнкү маселелер иштелип чыкты:
⦁ ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн кошуундары менен согуштук жана атайын аракеттерди жүргүзүү;
⦁ душмандын талкаланышын аяктоо үчүн тактикалык аба (деңиз) десантынын конушу;
⦁ душмандын аба чабуулунун каражаттарынын соккусунан аскерлерди жабуу (коргоо);
⦁ согуш аракеттеринин жүрүшүндө пайда болгон кесепеттерди жоюу.
Машыгуулардын жүрүшүндө учкучсуз авиацияны колдонууга жана ага каршы турууга, ошондой эле радиоэлектрондук күрөш жана ок атуу каражаттарын биргелешип колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.
"Эдельвейс" полигонундагы машыгуулардын өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана каражаттарын жана көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) абадан коргонуунун бириккен тутумунун бөлүнгөн курамын тартуу болуп саналат.