Башкы
>
Жаңылыктар
Жалал-Абадда 2025-жылдын жазгы чакыруусу боюнча усулдук-методикалык жыйын өткөрүлдү
20.02.2025
251
2025-жылдын 20-февралында Жалал-Абад шаарынын топтоо пунктунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын жазгы чакыруусун өткөрүү темасында усулдук-методикалык жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды Жалал-Абад облусунун райондук жана шаардык аскер комиссариаттарынын аскер кызматчылары катышып, жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча уюштуруу иштери жана медициналык кароону өткөрүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, жыйында коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы мыйзамдардын талаптары да жеткирилди.
Жыйын республиканын бардык аймактарында өткөрүлмөкчү.