Башкы
>
Жаңылыктар
Тажикстан Республикасынын аскердик контингенти “Бузулбас боордоштук - 2023” машыгуусуна катышуу үчүн келди
2023-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасына ЖККУга мүчө-мамлекеттеринин тынчтыкты сактоочу жамааттык күчтөрү менен «Бузулбас боордоштук-2023» биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Тажикстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти келди.
Тажик контингентинин тынчтыкты орнотуучулары Тажикстандан Кант шаарына аба каттамы менен келип, машыгуу өткөрүлө турган Балыкчы шаарына жөө жүрүш жасашты. 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында машыгуунун жетекчилиги тарабынан аларды салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.
Эске салсак, 9-13-октябрь аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун базасында Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт.
Биргелешкен машыгууну өткөрүү Планына ылайык ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик контингенттеринин машыгуу өтүүчү районго келиши 6-октябрда жыйынтыкталат.