Башкы
>
Жаңылыктар
С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Ош шаарынын мамлекеттик мекемелеринин жана күч түзүмдөрүнүн арасында “Сармерден” оюну уюштурулду
2024-жылдын 21-сентябрында С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Ош шаарынын мамлекеттик мекемелеринин жана күч түзүмдөрүнүн арасында “Сармерден” оюну уюштурулду.
Майрамдык иш-чарада Коргоо министрлигинин Түштүк – Батыш оперативдик командачылыгынын курама тобу менен Ички иштер министрлигинин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын курама тобу көрүүчүлөргө мыкты оюн куруп беришти.
“Сармерден” оюнунун жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк - Батыш оперативдик командачылыгынын курама тобу жеңүүчү деп аталды.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө ” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулган.