Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

“Өз ара аракеттенүү - 2024”, “Издөө-2024” жана “Эшелон-2024” машыгуулары башталды

07.09.2024
603

2024-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун аймагында Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун (ЖККУ) Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖКЖК) командалык-штабдык “Өз ара аракеттенүү - 2024”, чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен “Издөө-2024”, ошондой эле, материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү менен “Эшелон-2024” атайын машыгууларынын ачылыш аземи болуп өттү. 


Машыгуунун ачылышынын алдында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин эстелигине гүлчамбарларды коюу аземи болду.


Гүлчамбарларды коюу аземине Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, ЖККУнун Генералдык катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Андрей Сердюков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Балыкчы шаарынын мэри, улуттук аскердик контингенттердин башчылары катышты.


Андан соң Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун командалык пунктунда машыгуунун ачылыш аземи болуп өттү.

ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү - 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусун, "Издөө - 2024" жана "Эшелон - 2024" атайын машыгууларын Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов ачты.
Эл аралык машыгуунун катышуучуларына жана конокторуна кайрылып жатып Коргоо министри ...“Аймактык коопсуздук маселелерин талкуулоо жана чечүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирүүчү ушундай маанилүү иш-чараны өткөрүү биз үчүн сыймык экендигин баса белгилейм.

Динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөдө коопсуздук биринчи кезектеги маанилүү маселе болуп жаткандыгына байланыштуу, бул бизден жаңы кадамдарды, натыйжалуу координацияны жана так чечимдерди талап кылат”, -деп белгиледи. 


Андан ары сөзүн улай генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов “Азыркы реалдуулукту эске алуу менен алдыда боло турган машыгуу барган сайын олуттуу мааниге ээ болууда. Учурда өз ара аракеттенүүнү колдоп гана тим болбостон, бизден аскердик мамилелер чөйрөсүн ырааттуу түрдө кеңейтүүнү талап кылат.


Бул машыгуу бөлүкчөлөрдүн ыкташуу деңгээлин гана жогорулатпастан, күжүрмөн шериктештикти бекемдеп, дүйнөлүк коомчулукка пайда болгон коркунучтарга карата биздин мамлекеттердин жетекчилигинин бирдиктүү көз караштары бар экендигин көрсөтөт”,- деп баса белгиледи.


Андан соң, Кыргызстандын коргоо ведомствосунун жетекчиси алдыдагы машыгуулар регионалдык коопсуздукту бекемдөө жолундагы кезектеги кадам болот, биргелешкен аракеттердин аркасында биз алдыга коюлган милдеттерди аткарабыз деп ишеним билдирди жана машыгуунун бардык катышуучуларына ийгиликтерди каалды. 
Ошондой эле, машыгуунун катышуучуларына куттуктоо сөздөрү менен ЖККУнун Башкы Катчысынын орун басары Таалатбек Маасадыков,  ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Андрей Сердюков жана балыкчы шаарынын мэри Анарбек уулу Азамат кайрылышты.


Андан ары машыгуунун жетекчиси – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров машыгуунун мамлекеттик желектерин көтөрүүнү жарыялады.
КР КМ өзүнчө аскердик-көрсөтмөлүү оркестринин коштоосунда ЖККУга мүчө-мамлекеттеринин мамлекеттик гимндерин аткаруу менен мамлекеттик туулар көтөрүлдү.


Ачылыш аземи ЖККУнун ЫЖКЖК “Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" машыгууларынын улуттук аскердик контингенттеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Маалымкат: 
Машыгуу Жамааттык коопсуздуктун “Борбор Азия аймагындагы куралдуу чыр-чатактарды чечүү боюнча ЖККУнун ЫЖКЖК биргелешкен операциясын даярдоо жана өткөрүү” темасында пландалып, үч этапта өткөрүлөт.
“Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” эл аралык машыгууларына Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук аскердик контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.
Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук контингенттеринин 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиациялык техника жана 10го жакын деңиз кемелери катышат.
Окуу-машыгуу борборунун аймагында машыгуунун катышуучуларынын иштөөсү, жашоосу, тамактануусу жана күнүмдүк ишмердигин уюштуруу үчүн аскер шаарчасынын инфраструктурасынын бардык элементтери, ошондой эле машыгуу учурунда аскерлердин практикалык аракеттери үчүн бардык шарттар түзүлгөн.