Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

“Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” машыгууларына даярдык

13.06.2024
1157

Бүгүн, 2024-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык күчтөрү менен “Өз ара аракеттенүү-2024” жана “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” атайын машыгууларын даярдоо жана өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүлөр уланды.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрү ишинин экинчи күнү эки жумушчу топко бөлүнүштү.

Биринчи жумушчу топ (протокол) борбор калаада калып, машыгууну даярдоо жана өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүлөргө Протоколдун долбоорун даярдоого киришти, ага эртең, 14-июнда кол коюу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров жетектеген экинчи жумушчу топ машыгуу өткөрүлө турган жерди рекогносировкалоо үчүн автотранспорт менен кетишти.

Бишкектен Балыкчы шаарына бараары менен Уюмга мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү машыгуу өткөрүлүүчү аймак менен таанышып, аскердик контингенттердин жайгашуусун жана анын сунушталган инфраструктурасын, спорттук иш-чаралар өтүүчү жайларды, ошондой эле спорттук комплекстердин жана аянтчалардын абалын карап чыгышты.

Машыгуунун жетекчиси полковник А.Темиров экинчи штабдык сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын тиричилик чарба пунктун жайгаштыруу, достук үйлөрү жана улуттук тамак-аштарды уюштуруу жерлери менен таанышуусуна өзгөчө көңүл бурду.

Андан соң, катышуучулар окуу-машыгуу борборуна өтүштүп, анда алар аймактын макети боюнча практикалык иш-аракеттер тууралуу кыскача баяндаманы угушту, андан соң Генералдык штабдын башчысынын биринчи орун басары экинчи күндөгү ишти жыйынтыктап, экинчи штабдык сүйлөшүүлөрдүн акыркы күнү боюнча иш-чаралардын планын жеткирди.