Башкы
>
Жаңылыктар
Ош шаарында Ленинград блокадасынын бошотулгандыгынын 81 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү
27.01.2025
149
2025-жылдын 27-январында Ош шаарында Ленинград блокадасынын бошотулгандыгынын 81 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын колбашчысынын орун басары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ооган согушунун ардагерлери, студенттер жана окуучулар катышышты.
Эскерүү маалында Ленинград блокадасында курман болгон жоокерлер эскерилди.
Иш-чаранын алкагында өчпөс отко гүлчамбарлар коюлуп, Ленинграддын туткундагыларга бериле турган нанын символдоштуруучу кара нан таратылды.