Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Моблизациялык резеврдик жыйын башталды

25.03.2025
384

2025-жылдын 25-мартынан тарта, Кыргыз Республикасынын аймагында мобилизациялык жыйындын алгачкы этабы башталды. 

Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки чакырылуучулар бир ай бою аскер ишине үйрѳнүшѳт. Окуу жыйындын аягында катышуучулар Аскердик ант беришип, запаска киргизилип, жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге милдеттүү жаран катары каттоого алынат. 

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жыйырма эки жашка чыккан, аскердик же альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн, аскерге чакырууну кийинкиге калтырууга же бошотууга ээ болбогондор мобилизациялык резерв жыйындарын өтөөгө укукттары бар.