Башкы
>
Жаңылыктар
Мекен коргоочулар ишембиликте
14.09.2024
1023
2024-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Президентининин “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жаткан жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Өздүк курам тазалоочу шаймандарды алып, жакын жайгашкан жана бекитилген аймакты, аныны ичинде арыктарды таштандылардан, жалбырак жана чырпыктардан тазалашты.
Ишембиликке чыккан шаардыктардын арасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары да активдүү жарандык позициясын көрсөтүп, өлкөнүн тазалыгын жана көрктөндүрүлүшүн камсыздоого салым кошушту.