Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда илимий-практикалык конференция болуп өттү

18.09.2024
694

2024-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда "Актуальные проблемы системы боевого обеспечения войск и основы развития военно-научного обеспечения военной безопасности Кыргызской Республики" деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Конференцияга Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана КР КК Генералдык штабынын өкүлдөрү, КР КК Аскердик институтунун жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам, ошондой эле күжүрмөн камсыздоо жана аскердик коопсуздук жаатындагы адистер катышышты.

 

Конференциянын жүрүшүндө аскерлерди күжүрмөн камсыздоо системасынын актуалдуу көйгөйлөрү, КР аскердик коопсуздук багытындагы аскердик-илимдин өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана аны өркүндөтүү боюнча практикалык сунуштар талкууланды.

 

Докладдар менен чыгып сүйлөштү:

- КР КК ГШ башкы адиси, запастагы полковник Н. Б. Калканбаев "Актуальные проблемы системы боевого обеспечения войск при подготовке ее к современным вооруженным конфликтам";

- КР КК Жи тактикалык даярдоо кафедрасынын профессору, запастагы полковник Т.К. Мадымаров "Основные направления развития военно-научного обеспечения системы военной безопасности Кыргызской Республики и практические рекомендации по его совершенствованию" , - темасында.

 

Конференциянын жыйынтыгында аскерлерди күжүрмөн камсыздоо системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын аскердик коопсуздугун аскердик-илимий жактан камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар менен резолюция кабыл алынды.