Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Мамлекеттик туу күнү белгиленди

03.03.2025
1512

2025-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде жана Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгында, ошондой эле башка аскер бөлүктөрдө Мамлекеттик туу күнү белгиленди.

Иш-чарага аскер кызматчылар катышып, анда Мамлекеттик туу гимндин коштоосунда көтөрүлдү. 

Эске салсак, Куралдуу Күчтөрдүн бардык аскер бөлүктөрүндө, кошуундарында жана мекемелеринде Мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасы дайыма өткөрүлүп, өлкөнүн гимни ырдалып турат. 

Мамлекеттик туу күнүн белгилөө — мекенчилдикти жана улуттук биримдикти бекемдөө максатын көздөгөн маанилүү иш-чара болуп саналат.