Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинин 52870 аскер бөлүгүнүн окуу талаасында атайын тактикалык машыгуу болуп өттү

26.09.2024
1033

2024-жылдын күжүрмөн даярдоо планынын негизинде, үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында Коргоо министрлигинин 52870 аскер бөлүгүнүн окуу талаасында атайын тактикалык көргөзмө машыгуусу болуп өттү.

Машыгуунун жүрүшүнө Коргоо министринин орун басары - Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын кол башчысы полковник Алмазбек Карасартов, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Абдикарим Алимбаев, Баткен гарнизонундагы күч түзүмдөрүнүн башчылары, аскер бөлүктөрдүн командирлери көз салышты. 

Машыгуу ийгиликтүү өтүп, кесиптик  чеберчилигин мыкты көрсөткөн аскер кызматчыларына сыйлыктар тапшырылды.