Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министри жаңы аскердик казарманын курулушуна капсула салды

10.06.2025
382

2025-жылдын 10-июнунда Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10 127-аскер бөлүгүнүн аймагында Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов аталган бөлүктүн аскер кызматчылары үчүн жаңы казарма жана спорт залынын курулушуна капсула салды.


Иш-чарага Улуттук гвардиянын колбашчысы полковник Т. Эргешев, Улуттук гвардиянын борбордук аппаратынын офицерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, аскер кызматчылар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана коноктор катышты.


Өздүк курамдын алдында сүйлөп жатып, генерал-майор Р. Мукамбетов: «...Учурда биз Куралдуу Күчтөрдү модернизациялоо жана аскер шаарчаларыбыздын инфраструктурасын жаңылоо багытын улантуудабыз. Армиянын күчү техникада жана курал-жаракта гана эмес, эң оболу ошол заманбап куралды кармаган адамдарда. Ошондуктан жоокерлерибиз менен офицерлерибиздин кызмат өтөө шарттарын, ден соолугун жана моралдык духун жакшыртуу — Коргоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири...», – деп баса белгиледи.


Эске салсак, ушул жылдын 30-майында Куралдуу Күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттары үчүн курсанттык ашкананын жаңы имаратынын капсуласы салынган.


Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилиги Куралдуу Күчтөрдүн гарнизондорунун жана аскер шаарчаларынын инфраструктурасын жакшыртуу багытында пландык жана максаттуу иштерин улантууда.