Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

«Канжар-XII» кыргыз-индия биргелешкен машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү

22.03.2025
372

2025-жылдын 22-мартында Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүнүн аймагында «Канжар-XII» кыргыз-индия биргелешкен машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү.

Машыгуунун жыйынтыктоочу фазасында Куралдуу Күчтөрдүн  Генералдык штабынын башкармалыктарынын башчысы, Индия Республикасынын Кыргызстандагы аскердик атташеси полковник Панкадж Шарма катышты.

Машыгуунун активдүү фазасында мыйзамсыз куралдуу түзүмдү жок кылуу операциясы көрсөтүлдү.

Машыгуу үстүбүздөгү жылдын 9-мартында башталып, анда тактикалык, тоо, аскердик-медициналык жана ок атуу даярдыгы боюнча практикалык сабактар, ошондой эле имараттарга кол салууда аракеттердин тактикасы жана экстремалдык шарттарда жашоо техникасы боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин коргоо ведомстволорунун ортосундагы атайын багыттагы бөлүмдөрдүн биргелешкен машыгуулары жыл сайын өткөрүлүп турат. Өткөн жылы машыгуу Индия Республикасынын аймагында өткөн.