Башкы
>
Жаңылыктар
“Эл аралык терроризм жана диний экстремизм” темасы боюнча сабак өткөрүлдү
2025-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын эл аралык диний-экстремисттик уюмдардын катарына тартуунун алдын алуу максатында Коргоо министрлиги КР ИИМдин Эстремизмге каршы аракеттенүү кызматы менен биргеликте “Эл аралык терроризм жана диний экстремизм” темасы боюнча сабак өткөрүлдү.
Сабактар Улуттук гвардиянын өздүк курамы менен өтүп, жүрүшүндө КР ИИМдин Эстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын өкүлү эл аралык терроризм, алардын аракеттеринин тактикасы, жарандарды өз катарына тартуунун ыкмалары тууралуу айтып берди.
Ошондой эле, аскер кызматчыларынын интернет-ресурстарда деструктивдүү күчтөрдү колдоо боюнча талкуулар жана комментарий берүүдөгү жоопкерчилиги жөнүндө каралды.
Кошумчалай кетсек, КР КК ГШ теологу учурда өлкөдө динге байланыштуу бир катар мыйзамдар бар экендигин да белгиледи.
Жолугушуунун соңунда аскер кызматчылыры өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду ала алышты.