Башкы
>
Жаңылыктар
Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү
13.04.2025
77
2025-жылдын 13-апрелинде Улуу Ата Мекендик согуштун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнө арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Эгер ал тирүү болгондо быйыл 103 жашка толмок.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, мектеп окуучулары, коомдук ишмерлер жана аскер кызматчылар катышты.
Анын жаркын элесин эскерүү максатында бир мүнөттүк эскерүү жарыяланып, андан кийин аскердик залп менен ок атылды.
Бул иш-чара жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоого, ата-бабаларыбыздын эрдигин унутпоо максатында өткөрүлдү.