Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Арстанбек Мурзалиев атындагы жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча мелдеш болуп өттү

21.02.2025
2987

2025-жылдын 21-февралында академик Арстанбек Мурзалиев атындагы жалпы билим берүү мекемеcинде окуучулар арасында аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча мелдеш болуп өттү.  
Иш-чараны Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтү Коргоо министрлиги менен биргеликте Мекен коргоочунун күнүнө карата уюштуруп, ага Ш. Рахманов, А. Сулайманов, О. Бөлөбалаев, Ө. Жакишев жана Бишкек шаарындагы №24 гимназиясынын окуучулары катышты.

  

Сынакка катышкан окуучулар куралсыз саптык ыкмалар, кол күрөш, жатуу абалында колдорду бүгүү жана түздө (отжимания), аркан тартыш жана 3 чакырымга командалык чуркоо боюнча күч сынашты.  

Сынактын жыйынтыгы менен:
1-орунду А. Мурзалиев атындагы орто мектеби;  
2-орунду О. Бөлөбалаев атындагы орто мектеби;  

3-орунду А.Сулайманов атындагы орто мектеби;
3-орунду №24 гимназиясы камсыз кылышып, ардак грамоталар менен сыйланышты.  

 

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары тактикалык жана ок атуу даярдыктары боюнча практикалык көргөзмөнү көрсөтүшүп, окуучулар менен 3 чакырым аралыкка чуркап келишти.  

Мелдешке Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери калыстык кылышты.