Башкы
>
Жаңылыктар
"Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө" арналган иш-чара болуп өттү
2024-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде КР КМ коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча укуктуусу подполковник Байыш Абдыжапаровдун демилгеси менен "Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө" арналган иш-чара болуп өттү .
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, КР УКМК, Аскер прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин, ошондой эле Коргоо министрлигинин, Генералдык штабдын, Абадан кол салуудан коргоо Күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын жетекчилик курамы жана аскер комиссарлары катышышты.
Ошондой эле, иш-чара республиканын аскердик коопсуздугунун түштүк жана түндүк аймактарына видео-конференциялар аркылуу көрсөтүлдү.