Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

"Харбмайдон" полигонунда Борбор-Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрү менен биргелешкен "Рубеж-2024"машыгуусу старт алды

18.10.2024
1637

Бүгүн, Тажик Республикасынын  Коргоо министрлигинин "Харбмайдон" полигонунда Борбор-Азия регионунун тез жайылтуучу Жамааттык күчтөрү менен биргелешкен "Рубеж-2024"машыгуусу старт алды. 


Машыгуунун ачылыш аземине  Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы-Тажикстан Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-лейтенант Эмомали Собирзода, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысынын биринчи орун басары генерал-лейтенант Хасан Калоев, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты. 


Маалымат:
Машыгуунун жүрүшүндө ЖККУга мүчө – мамлекеттин аймагына кирип келген мыйзамсыз куралдуу кошуундарды жок кылуу боюнча согуштук аракеттерди даярдоо жана жүргүзүү маселелери иштелип жатат.


Ошондой эле, Борбор-Азия регионунун тез жайылтуунун Жамааттык күчтөрүн тоолуу, чөлдүү аймактарда согуштук аракеттерди уюштуруу, аларды окуу-күжүрмөн милдеттерди аткарууга даярдоо маселелери дагы каралган. 


Харбмайдон полигонундагы "Рубеж-2024" биргелешкен машыгуусуна Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын аскердик контингенттери, Бириккен штабдын жана ЖККУ Катчылыгынын оперативдик топтору катышууда. Машыгууга 1500гө жакын аскер кызматчылары  жана 250 ашык аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде самолеттор, тик учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар катышат.